Казакстанда саясий активист Жанболат Мамай кармалды
Инги Иманбайдын айтымында, полиция активистти Алматы облусундагы Каскелен шаарында кармап кетип, Карасай районундагы бөлүмгө алып барды.
"Үйдө отургула". Ишембиге белгиленген митингдин алдында активисттер катуу көзөмөлгө алынганын билдиришти (21-февраль, 2020-ж.):
Карасай райондук полициясы Жанболат Мамайдын кармалышына эмнелер негиз болгонун жана ага кандай айып тагылганын тактап айтуудан баш тартты.
Жабылып калган «Саяси қалам – Трибуна» гезитинин мурдагы башкы редактору Жанболат Мамай 2017-жылдын сентябрь айында үч жылга эркиндиги чектелип, журналисттик ишмердигине тыюу салынган. Анда ага бозгундагы банкир Мухтар Аблязов БТА банктан чыгарып кеткен акчаны мыйзамдаштырган деген айып тагылган, Мамай андай айыптоолор жасалма экенин билдирген.