Путин Орусиядан 10 миң доллардан көп акча алып чыгууга тыюу салды
Ага ылайык, бул чектөө 2-марттан тарта күчүнө кирет. Буга чейин өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгуу үчүн декларация жараянынан өтүү жетиштүү болчу.
Путиндин жарлыгына ылайык, «дос эмес өлкөлөрдүн» жарандарына жана алар көзөмөлдөгөн түзүмдөргө баалуу кагаздарды жана кыймылсыз-мүлктү сатууга же сатып алууга да тыюу салынат. Ошондой эле аларга чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча өкмөттүк комиссиянын макулдугу жок рубль түрүндө кредит берилбейт.
Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Алты күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоону жана бомбалоону улантууда. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Орусияга бир катар санкцияларды жарыялады. Мындан улам орус валютасынын куну кескин төмөндөп кетти.