Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Маркум Темир Жумакадыровдун жубайы коомчулукка кайрылды

Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева коомчулукка кайрылуу жолдоду.


Сүйүналиева маркум күйөөсү өлкөдөгү жол коопсуздугун жогорулатуу чаралары боюнча жооптуу болгонун, бирок бул планын өтөсүнө чыгара албаганын билдирген.


Ал үч адамдын өмүрүн алган кырсыктан үй-бүлө катуу жабыркап, жаңыдан жашоого көнүүгө аргасыз болуп жатканын белгилеген.


Нора Сүйүналиева Жумакадыров бараткан унаа менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусуна козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, жакында сотко өтөрүн кабарлаган.


Бирок мыйзамдарга ылайык, аталган кырсыкка күнөөлүү деп табылса, жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылып, үч жылга чейин автоунаа айдоого тыюу салынарын белгилеген.


Буга байланыштуу жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүп, аларга абактан чыккандан кийин да өмүр бою автоунаа айдоого тыюу салуу керектигин айтып, мыйзамды өзгөртүүгө чакырган.


“КамАЗды" айдаган жаш жигит он жыл жатак абакта отуруп же беш жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып, кайрадан Кыргызстандын жолдорунда автоунаа айдоого укук алат. Мындай жол менен биз кайрадан өз жоопкерчилигин сезбеген айдоочуга ээ болобуз”, -деген Сүйүналиева тиешелүү органдарды мыйзамдарды кайрадан карап чыгууга чакырган.


38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдовар жолунда жол кырсыгынан каза болгон. Жумакадыров Талас облусундагы президенттик шайлоого даярдыкты текшерүү үчүн бараткан.


Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов каза тапкан эле.(BkA)


 


 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *