Түркия Орусиядан зениттик-ракеталарды сатып алат
Кубаттуу куралдык комплекс 2020-жылдын март айынан тарта Түркияга жеткириле баштайт.
Келишим Түркиянын НАТОдон сырткары эң ири аскердик курал сатып алуусу болуп калды.
Эки өлкө курал сатуу боюнча быйыл сентябрда сүйлөшүүнү баштаган. Анда Анкара алгачкы взносту которгон. Бул келишимге Түркиянын НАТОдогу өнөктөштөрү чочулоосун билдирген эле.
АКШнын Коргоо министрлиги орусиялык С-400 үлгүсүндөгү комплекс НАТОнун аскердик-техникалык стандарттарына шайкеш келбейт деп билдирген.
Буга түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркия өз улуттук кызыкчылыгын коргоо үчүн курал-жарак сатып алууга укугу бар экенин эскерткен.