Египетте экс-президент Мурси үч жылга эркинен ажыратылды
Сот экс-президенттен башка бул иш боюнча дагы 18 айыпталуучуну үч жылга эркинен ажыратты.
Экс-президент 2011-жылкы массалык башаламандык жана айыпкерлердин түрмөдөн качышын уюштурган деген айып боюнча өлүм жазасына өкүм кылынган. Ал өкүмдү да кассациялык сот өткөн аптада жокко чыгарган. 2013-жылдын июль айынан бери камакта отурган Мурсиге бардыгы болуп төрт кылмыш иши козголгон.
Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин Мурси 2012-жылы президенттик шайлоодо жеңип, Египет тарыхында демократиялык жол менен келген алгачкы жетекчи болуп калган. Бир жылдан кийин аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында кызматтан кетип, "Мусулман агайындар" кыймылынын мүчөлөрү жана башка тарапкерлери куугунтукка кабылган.