Орус соту Навальныйдын арызын четке какты
Соттук жараянга Навальный катышкан. Сотко анын кызыкчылыгын коргоо үчүн Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери Иван Жданов жана Александр Помазуев катышты.
Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда "Навальныйдын “Кировлес” иши боюнча соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу ал 18-марттагы шайлоого катыша албайт" деген чечим чыгарган.
Өзүнө каршы сот өкүмдөрүнүн саясий жүйөсү бар экенин айткан саясатчы бул чечимге жооп катары шайлоого бойкот жарыялоого тарапкерлерин чакырган. Кремл болсо анын чакырыгына укуктук баа берилиши керектигин билдирген.