Иранда өкмөткө каршы демонстрациялар күчөдү
Чаржайыт акциялар өлкөнүн Тегеран, Шахр-э-Корд, Керманшах жана Занжан сыяктуу шаарларында өткөнү кабарланды.
Социалдык тармактарда 30-декабрда акциялар учурнда эки жигитке ок атылганы тууралуу тасма тарады. «Азаттык» радиосу бул тасманын чын-бышыгын тактай алган жок. Бирок «Америка үнү» полициянын огунан каза болгон адамдарды Хамза Лашни жана Хоссейн Решно деп атап, алардын жакындары менен аймактык кабарчы баарлашканын маалымдады.
29-декабрда башталган акциялар Иранда 2009-жылдагы нааразылык демонстрациялардан кийинки ири нааразылык иш-чарасы болуп калууда. Анда президенттик шайлоодо Махмуд Ахмадинежаттын жеңгенине нааразылар көчөгө чыккан эле.