Путин АКШны «прагматикалык» кызматташтыкка чакырды
Кремлдин тарткан малыматы боюнча, Путин өз куттуктоосунда Вашингтонду дүйнөлүк чакырыктар менен коркунучтарга чогуу каршы турууга үндөгөн.
АКШ менен Орусиянын мамилеси акыркы жылдары «кансыз согуш» доорунан бери эң төмөнкү чекте турат. Буга Орусиянын Крымды аннексиялашы жана АКШда былтыр болгон президенттик шайлоого Москванын болжолдуу кийлигишүүсү боюнча дооматтар себеп болгон эле.