Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды
Өкмөт башчысы кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, бул боюнча аткарылчу көптөгөн иштер бар экенин билдирген. Ошондой эле премьер-министр жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк туристтердин саны көбөйүп жатканын белгилеген.
Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы иштейт. Буга чейин өкмөт тоо лыжа кластерин түзүү боюнча долбоорду сунуш кылып, бирок ал ишке аша элек.(BkA)