Кыргызстандык марафончу Кытайда биринчи болду
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-декабрда өткөн марафондо Кыштакбеков 42 чакырым аралыкка чуркаган. Бул жарышка 27 өлкөдөн 14000ден ашуун спортчу жана спорт ышкыбоздору катышкан.
Министрликтин өкүлдөрү кыргызстандык спортчуну Кытайдагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери да сүрөп келгенин кошумчалашты.