Медиа: Австралиялык дипломат Трампка айгак чыкты
Макалада Демократиялык партиянын электрондук почтасын хакерлер талкалап кирип, ал каттар жарыяланып кеткен соң Австралия болгон маалыматты ФБРге (Федералдык иликтөө бюросу) бергени айтылат.
“Электрондук почтаны талкалоо жана Трамптын шайлоо кампаниясынын өкүлүнүн жогорудагы сөзү 2016-жылдын июлунда ФБР баштаган иликтөөгө түрткү болушу мүмкүн” – деп айтылат "Нью-Йорк таймстын" макаласында. Анда ошондой эле жагдайды билген учурда иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлердин берген маалыматтары келтирилет.
ФБРдин мурдагы башчысы Роберт Мюллер Орусиянын 2016-жылы Америкадагы шайлоого болжолдуу тийгизген таасирин иликтеген атайын прокурор болуп дайындалган. Ал өз ишинде Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен байланышы болгон-болбогонун текшериши керек.
Алардын бири Пападопулос ФБРге калп айтканын мойнуна алып, учурда тергөө менен кызматташууда.
Ак үйдүн адвокаты Тай Кобб "Нью-Йорк таймска” чыккан макалага комментарий берүүдөн баш тартып, АКШнын администрациясы Мюллердин иликтөө тобу менен кызматташып жатканын гана билдирди.