Ошто жер титиреди
Кыргызстандын аймагында жер титиреди. 31-декабрда күчү очогунда 4,5 баллга жеткен силкинүү Ош облусунда катталганын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлады.
Жердин титиреши Бор-Дөбө айылында 4 балл, Арча-Булак, Сары-Могол, Талды-Сууда 3,5, Сары-Таш, Кара-Киндик жана Ачык-Суу айылдарында 3 балл болуп сезилди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.
26-декабрда Ош жана Нарын облустарында 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. (RK)