Иран: башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны онго жетти
Ирандын мамлекеттик телеканалы өткөн суткадагы башаламандык учурунда өлгөндөрдүн саны 10 кишиге жеткенин кабарлады. 1-январдагы бул кабарында телекомпания башка кенен маалымат берген жок.
Ушуну менен өлкөдө 28-декабрдан бери өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык иш-чаралары учурунда өлгөндөрдүн саны 12ге жетти.
Башкалаа Тегерандан тышкары Санандаж, Мешхед, Илам, Хорамдарех жана Керманшах шаарларындагы демонстрациялар алгач өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланып, башаламандыкка да айланып кетүүдө.
31-декабрда президент Хасан Роухани бул боюнча алгачкы жолу үн катып, зомбулукту жана коомдук коопсуздукка залака тийгизүүнү айыптаган. Бирок ал өкмөттү "мыйзамдуу сын жана нааразылык билдирүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүүгө” да чакырды. Ал ошондой эле Иран ар бир жаран өз көз карашына ээ боло алчу эркин өлкө болушу керек деп билдирген.
Ирандагы нааразылык иш-чаралары 2009-жылдан берки эң ири нааразылык толкуну катары каралууда. Анда эл Махмуд Ахмединежаддын президенттикке шайланышына каршы чыгышкан эле.