Түндүк Корея Түштүк Корея менен бетме-бет сүйлөшүүгө макул
Түндүк Кореянын бийлиги Түштүк Кореянын 9-январда бетме-бет сүйлөшүү өткөрүү сунушун кабыл алды. Бул эки өлкө ортосунда 2015-жылдан берки биринчи жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү болмокчу. Жолугушуу эки өлкөнүн чек арасындагы Пханмунжом бекетинде өтөт.
Сүйлөшүүдө Түндүк Кореянын курама командасынын Пхёнчханда өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу жана Корей жарым аралындагы кырдаал талкууланарын Сеул билдирет.
Соңку эки күндө Сеул менен Пхеньян Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын тапшырмасы менен калыбына келтирилген телефон линиясы аркылуу бир нече ирет байланышты. Жаңы жылдык куттуктоосундо Ким Чен Ын Пхеньян Сеул менен сүйлөшүүгө ачык экенин билдирип, түндүк кореялык спортчуларды Олимпиадага жиберүүгө камынып жатканын айткан.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Пхеньяндын мындай сунушун колдогон.
Кореялыктардын өз ара диалогуна АКШ президенти Доналд Трамп дагы колдоосун билдирди. Пентагон болсо жыл башына Түштүк Кореяда өткөрүүгө пландалган аскерий машыгуулар башка маалга жылганын жарыялады.
Буга чейин Пхеньян аскерий машыгууларды айыптап, аларды Түндүк Кореяга кол салууга камылга катары сыпаттаган.