Кытай жарыялаган Жаңы жибек жолу долбоорунун бюджети жүздөгөн миллиарддаган долларга бааланып, бул жол Батыш базарларына Борбор Азия аркылуу өткөн ири дүйнөлүк соода жана инвестиция коридору болору пландалган. Казакстан бул долбоордогу чечүүчү түйүнгө айланып, Бээжин менен Астана болуп көрбөгөндөй кызматташтыкка бел байлашты. Кытай менен Казакстанга бирдей дем берген бул ири соода долбоору бирок, коррупция, бюрократия жана эскиден калган ички ишенбестик өндүү тоскоолдуктарга да туш болуп жаткан чак.