"Reuters": Түндүк Корея Орусиянын жардамы менен санкцияларды бузган
"Reuters" Орусиянын Тышкы иштер министрлиги комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө жооп бербегенин жазат. Ал эми орус депутаттары агенттиктин маалыматын сынга алышты. Кремлчил мыйзам чыгаруучу Франц Клинцевич муну Орусияга каршы “маалымат согушунун” бир бөлүгү жана “кутум теориясы” деп атады.
Өткөн ноябрда Орусиянын Улуттар Уюмундагы миссиясы Москва Пхеньянга каршы санкцияларды урматтап жатканын бидирген.