Ызгаарда ысык чай суналы
Ушул күндөрү Бишкектин айрым тургундары таң эрте иштеген "Тазалык" ишканасынын жумушчуларына ысык чай берүүнү уюштурууда. Алардын бири мэриянын мурдагы кызматкери Гуля Алмамбетова үч-төрт жылдан бери кыштын айрым күндөрү тазалыкчыларга чай берет. "Тазалык" ишканасынын жумушчулары таңкы саат 6дан баштап көчө шыпырып, кышкысын кар күрөп, жолго кум себишет.