Рустам Иноятов Мирзиёевдин кеңешчилигине дайындалды
Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын башчылыгынан 31-январда бошотулган Рустам Иноятов кайра Шавкат Мирзиёевдин саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчилигине дайындалганын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Иноятов атайын кызматтын башчылыгынан кеткенин президент Шавкат Мирзиёев 31-январда өзү жарыялаган.
Ал бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча кызматтын жана Башкы прокуратуранын жыйындарында билдирген.
Өзбекстандын мамлекеттик УзА агенттигинин кабарына караганда, жыйында Улуттук коопсуздук кызматтын айрым бөлүмдөрүнүн ишмердиги “сынга алынып”, бул мекеме боюнча быйыл атайын “мыйзам кабыл алуунун маанилүүлүгү” белгиленген.
Былтыр декабрда Мирзиёев парламентте сүйлөгөн учурунда атайын кызматты, Ички иштер министрлигин, Башкы прокуратураны “карапайым адамдардын укуктарын системалуу түрдө бузуп жатканы үчүн” айыптаган.
Жашы 73кө келген, аскерий чини генерал-полковник Иноятов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматын акыркы 23 жылдан бери башкарып келди.
Коомчулукка көп көрүнбөгөн Иноятов Өзбекстандын бийлик тутумундагы эң таасирлүү адамдардын бири деп саналып келген. 2016-жылдын сентябрында, мурдагы президент Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин жогорку бийликте кызматын сактап калган саналуу адамдардын бири.
Каримов дүйнөдөн өткөндө анын ордун ээлеши же президенттикке өзүнө өнөктөш адамды алып келиши мүмкүн деген жоромолдор да айтылган.
Өзбекстандын атайын мекемесинин жаңы башчысы, 52 жаштагы Ихтиёр Абдуллаев буга чейин башкы прокурордун кызматын аркалаган. (UE)