Кыдыкбаев: Ачкачылык кармаган үч саясатчынын абалы оорлоп кетти
Ачкачылык кармап жаткан камактагы саясатчылар Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун абалы оорлоп кетти. Бул тууралуу алардын адвокаты Марс Кыдыкбаев "Азаттык" радиосуна билдирди:
Анын айтымында, саясатчылар туугандарынын да айткандарына көнбөй, ачкачылыкты улантып жатышат:
- Бир туугандары, жакындары жана тарапкерлери суранса да болбой, ачкачылыгын улантууда. Кургак ачкачылык. Болгону дарыгерлер глюкоза, дары берип эптеп кармап турушат. Азыр абалдары өтө оорлоп кетти, өзгөчө Бектур Асанов кыйналып калды. 15-февралдан баштап уколдон, дарыдан да баш тартабыз деп жатышат. Талабы ошол эле УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин сурап жатышат. Ал кетмейин ачкачылыгыбызды токтотпойбуз, өлсөк-өлөбүз деп жатышат.
Кыдыкбаевдин айтымында, Сегизбаев кетпесе үч саясатчы Бишкек шаардык сотунун чечимине каршы Жогорку Сотко апелляциялык арыз жазуудан баш тартууда. Анткени камактагылар УКМК жетекчиси сотко таасир этет деп эсептешүүдө.
"Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен Бектур Асановдун "кургак ачкачылык" кармаганына бүгүн он бир күн, Карыбековго – 10 күн, Кадыровго – 9 күн болду.
Бишкек шаардык соту 7-февралда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, Эрнест Карыбековду 20 жылга эркинен ажыратып, Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу кескен Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. (ErN)