"Дени сак эл" уюмунун дарыгерлери 15 миң тургунду акысыз дарылады
Оштогу "Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясынын кызматкерлери бир жыл ичинде алыскы айылдардын 15 миң жашоочусун акысыз текшерип, кеңеш берип чыгышты. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Максатбек Жумабаев “Азаттыкка” билдирди.
Дарыгерлер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын Өзгөн, Кадамжай, Чоң-Алай, Араван райондорунун тоолуу, алыскы, адистер жетишпеген айылдарын кыдырып, жарандарга акысыз кызмат көрсөтүшкөн. Алар барган жерлеринде 22 медициналык адистик боюнча бейтаптарды кабыл алып, жеринде дарылашкан. Медиктер ошондой эле өз маянасынан чогулткан акчага дары-дармек ала барып, үйдө жаткан оорукчан адамдарга беришкен. Уюмдун өкүлдөрү муктаждарды ооруканаларга алып келип дарылап, он чакты адамга өз каражатынан операция жасашкан. Алар Ош жана Кочкор-Ата шаарларындагы карылар үйлөрүндө жашаган муктаждарга тиш салып беришкен.
Жумабаевдин айтымында, тоолуу айылдарда альвеококк менен эхинокк кеселдери, түздөгү айылдарда тери оорулары менен ооругандар көп байкалган.
Көз каранды эмес "Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясы былтыр март айында түзүлгөн. Ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ооруканаларда иштеген дарыгерлер кирет. Алар ыктыярдуу түрдө жумуштан тышкаркы убакта адистер жетишпеген аймактарда жашаган тургундарга акысыз жардам көрсөтүүнү максат кылат. (ErN)