Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутаттар абакта ачкачылык кармаган саясатчылардан кабар алышты

Абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчыларды Жогорку Кеңештин депутаттары көрүп чыгышты. Бул тууралуу №47 абакка кирип чыккан парламент депутаты Жанар Акаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ачкачылык кармап жаткан саясатчылардын саламаттыгы начарлап кеткен. 


- Айрыкча Бектур Асановдун абалы оор экен. Түрмөнүн дарыгерлери анын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин билдиришти. Ошондуктан дарыгерлер саясатчы акциясын токтотпосо кесепети оор болорун эскертишти. Биз да ачкачылыкты токтотушун сурандык. Бирок алар УКМКнын төрагасы Сегизбаевди кызматтан кетирүү боюнча талабы аткарылмайынча ачкачылыкты токтотпой турганын айтышты, - деди Жанар Акаев.


Ал абактагы саясатчылар жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун акыркы билдирүүлөрүнөн үмүттөнүп турушканын билдирди. Депутат абактагы саясатчылардын абалы боюнча маселе парламентте көтөрүлөрүн да кошумчалады. 


№47 абакта кармалып турган саясатчылар менен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Алтынай Өмүрбекова, Наталья Никитенко, Каныбек Иманалиев жана Талант Мамытов жолугуп чыккан.


"УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин" жана "соттор адилет чечим чыгарсын" деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Эрнест Карыбеков 31-январдан, Кубанычбек Кадыров 1-февралдан бери "кургак ачкачылык" кармап жатышат.


Бул адамдар "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп 2016-жылы кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды күнөөлүү деп таап, Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Дастан Сарыгулов болсо төрт жылга шарттуу кесилген. Мындай чечимге нааразы болгон айыпталуучулар Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган. Бирок шаардык сот да райондук соттун чечимин быйыл 7-февралда күчүндө калтырды. (BkA)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *