БУУ координатору: Чыгыш Гутаны бомбалоо уланууда
Бул тууралуу БУУнун Сирия кризиси боюнча аймактык координатору Паноса Мумциса бүгүн Иорданиядан “Ассошиэйтед пресстин” кабарчысына билдирди.
- Баррел бомбалардын (курамында түрдүү жарылуучу зат бар) түшүүсү уланып жатат. Гута Дамасктагы ооруканалардан жарым сааттык жолдо, он алты чакырымдай аралыкта жайгашкан. Жардамга муктаж аялдар, балдар, кары адамдар эч жакка чыга албай жер төлөлөрдө камалып, коркуп жаткан кырдаалды элестеткенде жүрөк сыгылат.
Мунун алдында Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы өкмөттүк күчтөрдүн бул аймакты 18-февралдын кечинен тарта бомбалоосунан кеминде 250 жайкын тургун мерт болуп, 1200дөй киши жараат алганын, өлгөндөрдүн 58и балдар экенин кабарлаган.
Куткаруучулар, байкоочулар, БУУнун өкүлдөрү бомбалоодо ооруканалар, көп кабаттуу үйлөр, базарлар бутага алынып жатканын айтышууда.
БУУ, Кошмо Штаттар, Европа өлкөлөрү, адам укугун коргоочу топтор Сирия жана Орусия тик учактарынын бомбалоосунан жайкын тургундардын массалык түрдө өлүшүн айыптап жатышат.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт Чыгыш Гутадагы кырдаал үчүн Башар Асаддын режими менен бирге аны колдогон Орусия да жоопкер экенин эскертти.
Бул арада Орусия Чыгыш Гутанын бомбаланышын актап чыкты.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, “учурдагы макулдашуулар сакталган шартта терроризмге каршы күрөштү эч нерсе менен чектөөгө болбойт”.
Чыгыш Гута - Сирия борбору Дамаскка жакын жайгашкан жана козголоңчулар колундагы район.
2013-жылдан бери өкмөттүн камалоосунда турган бул аймакта БУУнун эсебинде, 400 миңдей киши жашайт. (UE)