Меркел жана Макрон Путин менен Сирия маселесин сүйлөшүүгө даяр
Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел БУУнун Сириядагы отуз күндүк ок атышууну токтотуу чечимине байланыштуу орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүнү ниет кылууда.
Бул маалыматты 25-февралда француз президентинин аппараты таратты.
Лидерлердин телефон аркылуу сүйлөшкөнү тууралуу маалымат 24-февралда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы атышууларды токтотуу боюнча бир добуштан кабыл алган чечимден кийин жарыяланды.
Франциянын президентинин администрациясы сүйлөшүү “резолюциянын ишке ашышы жана саясий жол карта менен Сирияда бекем тынчтыкка жетүүгө” багытталат деп билдирди.
Москва Сирия президенти Башар Асаддын негизги өнөктөшү жана Коопсуздук кеңешинде вето коюуга укугу бар.
Макрон жана Меркел 23-февралда Путинди ок атышууну токтотуу сунушун колдоого чакырган. (TSh)