Чек ара: “Достуктагы” абал өзгөргөн жок
Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде жөө адамдардын тыгыны жоюлган жок. Бул тууралуу ошол жерге жүргөн “Азаттыктын” кабарчысы маалымдады. Анын айтымында, кыргыз тарапта болжол менен 500 адам Өзбекстанга өтө албай, кезек күтүп турат.
24-февралда Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү көбөйгөнүнө байланыштуу чек арада жөө адамдардын тыгыны пайда болууда деген маалымат тараткан. Анда тыгын эки тарапта тең катталып, аны жоюу үчүн кыргыз тарап чек ара көзөмөл пункттарын көбөйтүп жатканы айтылган. Чек арадан күнүнө жети миңден ашуун адам өтүп жатат.
2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу жеңилдеген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы 2005-жылы март жана Анжиян окуяларынан кийин жабылып, ары-бери өтүү кыйындаган. 2010-жылкы июнь коогасынан кийин чек арадан өтүү үчүн телеграмма, чакыруу сыяктуу кошумча документтер талап кылына баштаган. (TSh/MdN)