Иран: Сириядагы “террорчуларга” сокку уруу улантылат
Тегеран жана Сирия өкмөтү отуз күнгө ок атышуу токтошу керек деген талапты сактай турганын, бирок борбор Дамасктын чет жакасындагы “террорчуларга” сокку уруу улантыларын билдирүүдө.
Жарым расмий Тасним жаңылыктар агенттиги Иран армиясынын Башкы штабынын башчысы, генерал Мохаммад Бакеринин “Дамасктын чет жакасынын террорчулар колундагы бөлүктөрүндө тазалоо операциялары улантылат”,- деп айтканын жазды.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына караганда, өкмөттүк күчтөр Чыгыш Гута районуна 25-февралда да абадан сокку урду.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 25-февралда президент Башар Асаддын режимине каршы күчтөрдү ок атышууну токтотуу эрежесин сактоого чакырды.
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Сириянын бүткүл аймагында отуз күнгө ок атышууну токтотууну талап кылган резолюцияны 24-февралда кабыл алган.
Резолюция Дамасктын чет жакасында, козголоңчулар колундагы Чыгыш Гута району бир апта бомбаланып, андан 500дөн ашуун жайкын тургундун өмүрү кыйылган учурда кабыл алынды. (UE)