Назарбаев: Иштедим, иштеп жатам жана иштей берем
Казакстанда саясий бийлик алмашуу болушу мүмкүн деген сөздөр жүрүп жатканда президент Нурсултан Назарбаев эч жакка кетпей турганын айтты.
“Элибиздин ишенимдүү келечеги үчүн иштегем, иштеп жатам жана иштей берем”, – деди казак лидери парламенттин эки палатасынын биргелешкен сессиясында.
Назарбаев парламенттин мүчөлөрүнө кайрылып, “чоң долбоорлорго көңүл бурууга мезгил жеткенин”, стратегиялык программаларга өзү жетекчилик кылаарын билдирди.
Өткөн айда казак парламенти Назарбаевди өлкөнүн Коопсуздук кеңешин өмүр бою жетектей тургандай мыйзам долбоорун даярдап, макамын конституциялык органга теңеген.
77 жаштагы Назарбаев Борбор Азиядагы табигый байлыктары көп мамлекетти 1991-жылдан бери башкарат. 2015-жылы кезектеги беш жылдык мөөнөткө шайланган.
Укук коргоочулар менен бийликти сындап жүргөндөр Назарбаев оппозицияны күч менен басып, демократиялык эмес шайлоолор аркылуу бийликтеги мөөнөтүн узартып келатканын белгилешет.