Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссия жыйын курууда

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында ЖЭБге тийиштүү кызматкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады. 


Жыйында депутат Мыктыбек Абдылдаев ЖЭБдин техникалык-экономикалык негиздемеси түшүнүксүз жазылганын сындап, документтин бир да жеринде кол коюлбаганын белгиледи. ЖЭБге тийиштүү кызматкерлер техникалык-экономикалык негиздеме кытай тилинен которулганын айтышты.


Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоодо ири өлчөмдө каражат уурдалганы аныкталганын маалымдаган. Кылмышка шектүү катары "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.


Атайын кызматтын 3-марттагы билдирүүсүнө ылайык, "Электр станциялары" ишканасынын айрым жетекчилери оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон. Бирок ЖЭБ оңдоо жумуштарын өз күчү менен жүргүзгөн. Уурдалган каражат 2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилине даярданууга бөлүнгөн. Бул фактылар боюнча УКМК бир нече берене менен кылмыш ишин козгогон.


Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген жок. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборуна карата сын пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *