Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Текебаевдин адвокатынын мүлкү сатыкка коюлат

Мындай өтүнүч менен Алмазбек Атамбаевдин өкүлү сотко кайрылып жатканын Өмүрбек Текебаевдин юристтери маалымдашты. Юрист Канатбек Азиздин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул тууралуу аларга сот аткаруучулар маалымдашкан. Азиздин сөзү боюнча, президенттин өкүлү юрист Таалайгүл Токтакуновага таандык батирди сатыкка коюуну көздөөдө:


-Менде эч кандай мүлк жок болгондуктан, сатыкка кое турган да эч нерсе жок. Бирок биз Таалайгүл Токтакунова экөөбүз тең декабрь айынан бери айлык акы ала элекпиз. Банктагы эсепти Октябрь райондук соту камакка алгандыктан банк бизге айлык акыбызды бербей келатат. Биз акыркы убакытка чейин Атамбаевден пикирин өзгөртөт деп күтүп келгенбиз. 


Канатбек Азиздин маалыматы боюнча, аларга президенттин өкүлү "өткөн жылы кулаган учактагы жүк Атамбаевдики эмес деп төгүндөгүлө" деп, бирок ошол эле учурда сот тарабынан салынган 10 млн. сом айыппулду да төлөгүлө деп талап кылган. 


Өмүрбек Текебаевдин юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз өздөрүнүн укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен Улуттар уюмуна жана башка эл аралык уюмдарга кайрылышкан. 


Башкы прокуратура "Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиздин Бишкектеги маалымат жыйынында Дача-СУ айылында кулаган учактагы жүк боюнча айткандары президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирет" деген доо арыз менен сотко кайрылган.


Айыптоочулар алардан президенттин пайдасына моралдык зыян үчүн 10 миллион сом өндүрүп алууну талап кылган. Бардык сот бутактары доону толук канааттандырып, ошондой эле юристтерди маалымат жыйынын өткөрүп, учактагы жүктүн Атамбаевге тиешеси жок экенин айтууга милдеттендирген. Юристтер соттун чечими менен макул эмес экенин айтып жатышат. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *