Майнапсыз корогон каражаттар
«Электр станциялары» ишканасы Жогорку Кеңештин депутаттарын кытайлык гранттын эсебинен сатылып алынган эмеректердин тизмеси менен тааныштырды. Бул тууралуу парламенттик комиссиянын жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, бардыгы болуп эмерек сатып алууга 200 миң доллар сарпталган. Айлануучу отургучтардын бир даанасы 116 доллардан тартып, 203 долларга чейин сатылып алынса, 326 долларга китеп текчелери сатылып алынган. Ал эми үстөлдөрдүн бир даанасы […]