Шаардык балдарга айыл жашоосун үйрөткөн этнолагер уюштурулат
Быйыл жайында шаардык балдарга айылдын жашоосун, кыргыз элинин каада-салтын үйрөткөн этнолагер уюштурулат. “Айыл-CAMP” аттуу лагерди Бишкектеги “Интеллект” окуу борбору SEAR эл аралык психологиялык борбору менен чогуу өткөрөт.
“Интеллекттин” негиздөөчүсү Жакшылык Матановдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, лагерь Чүйдүн Кемин өрөөнүндөгү Тар-Суу айылында болот. Ага шаарда чоңойгон 300 бала катышат. Жеткинчектер июнь, июль, август айларында кезек менен барып, жети күндөн эс алып, салт-санааларды үйрөнүшөт. Боз үйдө жашайт. Телефон, компьютер жана башка электрондук буюмдарды колдонушпайт. Аларга жогоруда аталган эки борбордун адистери сабак өтүп, психологдор көмөк беришет.
- Адистер балдардын жөндөмүнө байкоо салып, ата-энелерге перзенттери эмнеге шыктуу экени тууралуу рапорт да беришет,- деди Матанов.
Учурда лагерге кабыл алуу үчүн каттоо башталган. Төлөм жана жеңилдиктер тууралуу ата-энелерге балдарды каттоого алып жаткан адистер маалымат беришет. (SE)
Лагер тууралуу маекти бул жерден угуңуз: