Кубада Кастронун үй-бүлөсү жок башкаруунун башаты болгон шайлоо өтүп жатат
11-мартта Кубада парламенттик шайлоо өтүп, андан жеңген депутаттар апрелде жаңы өлкө башчысын тандашат.
Бул кызматка 86 жаштагы Раул Кастро ат салышпай турганын билдирген.
1959-жылдан баштап Кубаны Фидел Кастро, андан кийин – 2006-жылдан бери – иниси Раул Кастро башкарып келген. Жаңы өлкө башчысы болот деп азыркы вице-президент Мигел Диас-Канел күтүлүп жатат.
Кубанын жаңы парламентине ат салышкан талапкерлердин көпчүлүгү бийликтеги Коммунисттик партиянын мүчөлөрү жана жарымынан көбү аялдар.