Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутаттык комиссия 2 млн. доллар кытай грантына курулган мектепти көрүп жатат

Ушул тапта комиссия мүчөлөрүнүн суроолоруна Бишкектеги капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүрканов жооп берип жатат. Анын айтуусунда, Кытайдын грантынан тышкары 104 млн. сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн: 


- Алар Кытайдан конструкция алып келип, темирден бир кабат эле куруп, гипсокартон менен ичи-тышын каптап, ортосуна жылуулаткыч салып коюп курууну пландаштырган. Бирок "мындай конструкция бизде болбойт, мүмкүн эмес" деп экспертизадан такыр өтпөй койду. Андан кийин кайра долбоорду иштеп, бүгүнкү күндө курулган имарат беш блоктон турат, жалпы аянты 7589 чарчы метр. Анын сметалык баасы эле инженердик түйүндү кошпогондо 280 миллион сомго жакын. Алгач келишим түзүлгөндө эле кытайлык компания "жалдануучу ишкананы өзүбүз тандайбыз" деген, ал макулдашуунун 5-пунктунда жазылган. Ошонун негизинде биринчи "Альто Групп" деген компанияны тандашкан, алар баарын Кытайдан алып келип курмай болгон. Бирок долбоору такыр өтпөй койгондуктан түзүлгөн келишим сотко чейин жетип бузулган. Экинчиси - "Глав Строй" деген компания да жумушту убагында бүтүрбөй келишимди үзгөнбүз. Келишимдердин баары үч тараптуу - инвестор, жалданма ишкана жана биздин башкармалык катышып түзүлгөн. Үчүнчүсү - "Айкөл курулуш" компаниясы ишти аягына чыгарды. Бишкек мэриясынын "бул мектептин курулушун аякташ үчүн 104 миллион 395 миң сом бөлүнсүн" деген буйругу да чыккан. Жергиликтүү эл да мектептин курулушун бүткөрүүнү талап кылган. 


Бул мектептин курулушуна кытайлык TBEА компаниясы баш-аягы 2 миллион доллар бөлүп бергени, мектеп курулушунун кымбаттыгы аталган компания тарабынан модернизацияланган Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин депутаттык комиссияны кызыктырууда.


Былтыр Башкы прокуратура Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектеп курулушунан чоң суммадагы акча кымырылды деген жүйө менен Бишкек мэриясынын бир нече кызмат адамдарына иш козгогон.


Башкы көзөмөл органы мэрия өкүлдөрүнүн аракетинен мамлекет тарткан чыгым 91 миллион сомдон ашканын, алар бул акчаны мектепти курган "Айкөл курулуш" компаниясына жасалма тендер аркылуу которгонун билдирген. (ZKo/ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *