Жаштар маршы: “Өз укугуңду бил!”
Бишкекте укук коргоочулар жаштар маршын уюштурду. Жаштар маршы “Өз укугуңду бил!” деп аталган маалымат өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду. Өнөктүктүн жүрүшүндө флешмоб өтүп, атайын даярдалган баракчалар элге таратылды.