Жонсон Путиндин жакын адамдары санкцияга туш болоорун билдирди
Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон коопсуздук органдары орусиялык байлардын Британиядагы банк эсептерин текшерип жатышканын билдирди. Министр президент Владимир Путинге жакын адамдардын арасынан коррупцияга байланыштуу шек саналгандар да жазалоочу чараларга туш болушу мүмкүн экенин айтты. БиБиСиге берген интервьюсунда Жонсон президент менен байланыштарынын эсебинен байыган коррупционерлер тууралуу сөз жүргөнүн белгиледи. Андай адамдарга полиция жакындан көз салып турмакчы.
Кечээ британ өкмөт башчысы Тереза Мэй "орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал менен анын кызын ууландыруунун артында Москва турат" деп айыптап, орусиялык 23 дипломат падышалыктан чыгарылаарын жарыялаган.
Кремл ал окуяга тиешеси жоктугун билдирип, Лондондун жообун “жоопкерчиликсиз” кадам деп атады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров британиялык дипломаттар да өлкөдөн чыгарылаарын айтып, бирок канчасы же качан экенин тактаган жок.
Орус чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги, азыркы британ жараны Сергей Скрипал кызы Юлия экөө 4-мартта ууландыруу белгилери менен ооруканага жеткирилип, дагы эле оор абалда жатышат.