Лондон менен Брюссел жаңы мунасага жетишти
Лондон менен Брюссел өткөөл учур боюнча жаңы мунасага жетишкенин бүгүн жарыялашты. Ага ылайык, Британия 2019-жылдын мартында формалдуу түрдө Евробиримдиктен чыккандан кийин да 21 ай өткөөл мезгилде жашайт.
Тагыраагы, бул айларда британдар Евробиримдикке мүчө катары эсептелип, болгону добуш берүү укугуна ээ болбойт.
Британ тышкы иштер министри Борис Жонсон акыркы сүйлөшүүнү чоң кадам катары атап, баары ийгиликтүү жүрүп атканын белгиледи.
Эми бул жетишкендиктерди британ премьер-министри жана Евробиримдиктеги калган 27 өлкөнүн лидерлери кол коюп, бекемдеши керек.