Орусияда издөөдө жүргөн 137 адам Кыргызстандан кармалды
- Орусияда кылмыш жасап, Кыргызстанга качып же Кыргызстанда кылмыш жасап Орусияда жүргөндөрдү кармап, аларга мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иш-чараларды жүргүздүк. Орусиядан келген топ экиге бөлүнүп, бири Кыргызстандын түштүк аймактарында, экинчиси түндүк аймактарда биздин кызматкерлер менен чогуу кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн, жашаган жерин тактап, кармоо боюнча иш-чараларды жүргүздү.
Сейитовдун белгилешинче, операцияга жалпысынан 3400 милиция кызматкери катышты.
Кармалган 137 адамдын 64ү эл аралык издөөдө жүргөндөр экени аныкталды.
Биргелешкен операция 14-15-мартта өттү. Анын алкагында изделип жаткан 61 адамдын дайыны табылып, каза болгон 19 адамдын сөөгү боюнча маалымат такталды. (RK)