Бишкек-Ош жолунда чектөө алынды, бирок кар көчүү коркунучу дале бар
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди. Анын айтымында, бүгүн Чүй облусундагы Төө-Ашууда жолго кар түшүп, саат төрткө жакын толук тазаланды:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-чакырымында карды атайылап түшүрүү иштеринин натыйжасында көчкү түшүрүлгөн. Төрт снаряд атылып, болжол менен 720 куб метр кар жолго түшкөн. Ал толук тазаланды. Эч ким жабыркаган жок. Бишкек-Ош жолунда кар көчүү коркунучу дагы эле бар. Андыктан жолго кышкы экипировка менен чыгуу керектигин эскертебиз.
Бишкек-Ош трассасында туруксуз аба ырайына жана кар көчүү коркунучуна байланыштуу 20-22-мартта Чүйдүн Жайыл районундагы “Сосновка”, Жалал-Абаддын Токтогул районундагы “Арал” жана Талас облусунун Талас районундагы “Өтмөк” постторунда саат кечки 9дан таңкы 6га чейин жол жабык болуп жатты. (RK)