Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШда казак укук коргоочуга “Каарман аял” сыйлыгы ыйгарылды

АКШ Мамлекеттик департаменти "Каарман аял" сыйлыгынын 2018-жылкы жеңүүчүлөрүн жарыялады. Дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчундагы каарман аялдардын катарында быйыл казакстандык укук коргоочу Айман Умарова дагы бар.


Жамбыл облусунда туулган журналист өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде сексуалдык зордук-зомбулук көргөн аялдар менен балдар жана саясий негизде эркинен ажыратылгандар жөнүндө талбай жазып келет. Умарова “Zona.kg” сайтында абактагылардын жашоосу, түрмөдөгү кыйноолор, зомбулук жана адам укуктары жөнүндө темаларды көтөрөт.


Ал - Алматы облустук адвокаттар коллегиясынын мүчөсү, Казакстандын президентинин алдындагы Адам укуктары кеңешинин эксперти жана “Укук коргоочулар” коомдук фондунун түзүүчүлөрүнүн бири.


Сыйлык алгандардын катарында Мавританиянын, Руанданын, Косовонун, Таиланддын, Ирактын, Ооганстандын, Гондурастын өкүлдөрү жана Ватикан сунуштаган католик диниятчы аял Елена Бериа бар.   


Сыйлыкты бейшембиде Мамлекеттик департаментте АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп жана мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Жон Салливан тапшырат.


Четтеги АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү өздөрү жайгашкан өлкөлөрдөгү эмгеги таанылган аялдарды сыйлыкка көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөрдү АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу кызматкерлери тандашат.   


2011-жылы бул сыйлыкка Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева татыктуу болгон.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *