Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нарында 7 жыл дайынсыз болгон бала Жалал-Абаддан табылды

Нарында жоголуп кетип, жети жылдан бери дайынсыз кала берип жаткан Азим аттуу бала Жалал-Абад облусунан табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка”  Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Талант Кадыров билдирди.


Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман айылынын тургуну Актилек Өсөркулов Таш-Көмүр шаарынан өзүн Эрмек деп тааныштырган үй-жайсыз, белгисиз баланы жолуктуруп, бир жылдан бери алып жүргөнүн райондук милиция бөлүмүнө билдирген.


Эрмектен өзүнөн жакындары тууралуу сураганда, өткөндү эстей албаганын, эстутуму начар экендигин айткан. Кийинчерээк Эрмек өзүнүн аты Азим экенин айткандан кийин гана Интернеттен жакындарын издеп, жети жыл мурда Нарын шаарынан дайынсыз жоголгон баланын изи табылган. 


Милиция кызматкерлеринин жардамы менен 19-мартта Азим Нарынга келип, ата-энесине жолукту. Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин маалыматына караганда, Азим өткөн күндөрүн эстей албай жатат. 


2011-жылдын февраль айында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө "1995-жылы туулган Азим Асанкул уулу кечинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат" деп ата-энеси кайрылган. Ошол убакта милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаганы менен ушул убакка чейин ал эч кандай жыйынтык берген эмес.


Окуя тууралуу баланын ата-энесинен маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок. (MiK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *