Иран Болтондун дайындалышын сындады
Иран Кошмо Штаттардын президенти Трамптын Жон Болтонду өзүнө улуттук кеңешчи кылып дайындаганын сындады. Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Шамхани Болтондун 2017-жылы бозгундагы диссиденттер тобу түзгөн “Иран элдик можахеддери” уюму менен жолукканын эске салды. “Державанын лидеринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси террордук топтон маяна алгышы уят иш” – деди Шахани 26-марттагы билдирүүсүндө.
Бирок Тегерандын өкүлүнүн билдирүүсүндө буга эч кандай далил келтирилген эмес. Ирандык диссиденттердин тобу болсо Болтонду же башка бир америкалык өкүлдү каржылабаганын билдирди.
Ошондой эле иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин төрагасы Хоссейн Нахави Хоссейни 25-мартта ISNA маалымат агенттигине Болтондун жана Борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурунку башчысы Майк Помпеонун мамлекеттик катчылыкка дайындалышын “АКШнын көздөгөнү төңкөрүш экенин далилдейт” деп айтты.
Болтондун өкүлү Тегерандын мындай кинесин «үгүт» деп төгүндөдү.