Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кочкор: Ата-энелер мектептен кооптонуп жатышат

2-апрелде Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектепте окуган 300дөй окуучунун элүүгө жетпегени гана сабакка келди. Буга өткөн жумада Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти мектептин имаратына окуу мүмкүн эмес экендигин аныктап, бүтүм чыгарып бергени себеп болгон. Буга чейин мектепте белгисиз себептер менен балдар байма-бай эсин жоготуп жатышкан. 


Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жүргүзгөн иликтөөлөрдүн аркасында бул мектептин имаратына мындан ары окуу мүмкүн эмес экендиги аныкталганча, Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүп, имараттын коопсуздугу айтылган. 

Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов окуучуларды коопсуз жайларга көчүрүш үчүн айылдан бир-эки үй каралып жатканын, кийинки жылга жаңы мектептин имаратын курууну республикалык бюджетке киргизүү аракети болуп жатканын 2-апрелде билдирди. 


Бул мектептин эски имараты 2007-жылы жер титирөөдөн кийин жараксыз болуп, азыркы имарат эл аралык уюмдардын колдоосу менен салынган. 


Мектептин курулуш материалдары темирден жасалып, ортосу жылуулоо максатында көбүк такталар менен толтурулган. Адистердин бүтүмү боюнча, курулушка колдонулган химиялык заттар нормадан ашык болгондуктан, адамдын организмине тез сиңип, дем алуу органдарына, тери ооруларына, нерв системасына жана өзгөчө көзүнө терс таасир этип, акырындык менен мутацияга алып келиши мүмкүн. Фенолдун буусу менен дем алууда баш айланууга, баш ооруга жана жүрөктүн иштешинин токтошуна алып келет. 


Өткөн жылдан тарта бул мектепте окуучулар эс-учун жоготуп жыгылган учурлар каттала баштаган. Аларды текшерген учурда аз кандуулук, тубаса жүрөк оору, аллергиялык бронхит оорулары аныкталган. (MiK)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *