Таласта жүк ташыган айдоочулар нааразылык акциясына чыгышты
- Биз негизинен айылга шагыл таштарды ташыйбыз. Анан таразаны көзөмөлдөгөндөр "жүктү белгиленген ченемден ашырып жатасыңар" деп айыппул салып жатышат. "КамАЗда" үч катар дөңгөлөк бар да. Алдыда бир катар, артта эки катар дөңгөлөк бар. Ошондо алдынкы окто кабина эле болот, жүк дээрлик салынбайт. Булар болсо "алдыңкы окко 10-12 тонна жүктөй бергиле" деп атат. Жок дегенде алдын сегиз, артын 12 тонна жүктөгүдөй кылып берсе жакшы болот эле. Жалпысы 24-25 тоннага эле уруксат берсе болмок. "Алдыңкы окко 12, артына сегиз тоннадан жүк ташыганга уруксат" деп атышат. Алдына болсо 4-5 тонна эле жүк батат.
Чогулгандарды өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев кабыл алып, маселени өкмөттүк деңгээлде чечиш керек экенин айтты. (AlS)