Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Прокуратура кош бойлуу келиндин кыйноого алынышы боюнча иш козгоду

Башкы прокуратура Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кош бойлуу келинди кыйнаган фактыга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иши жабырлануучу Наргиза Ражапованын берген арызынын негизинде жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында козголду. Маалыматта айтылгандай, Ражапова кош бойлуу экенине карабай, Ош ШИИБнүн кызматкерлери аны подполковник Таирбек Уларовдун өлүмү боюнча керектүү маалымат алыш үчүн кыйнашканы тууралуу даттанган. 


Бул арыздын негизинде прокурордук көзөмөл иштери жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык психологиялык-нравалык кысымдан улам келиндин боюнан түшүп калган, медициналык экспертиза ал бүгүнкү күнгө чейин депрессиядан чыга албай жатканын аныктаган. 


Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 2-3-бөлүгү ("Кош бойлуу аялды топтошкон адамдардын кыйноосу"), 125-беренесинин 2-бөлүгү ("Кош бойлуу келинди топтошкон адамдар эркиндигинен мыйзамсыз ажыратышы") боюнча кылмыш ишин козгоду. 


Бул ишти иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жиберилди.


2017-жылы 23-мартта мурда Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинде иштеген милициянын подполковниги Таирбек Уларов өлтүрүлгөн. Анын сөөгү Ош шаарынын четиндеги каналдын боюна токтотулган машинеден табылган. Ал кылмышка шектүү катары Уларов менен мурда тааныштыгы болгон Наргиза Ражапованын жолдошу Дамир Шабыралиев жана Наргизанын иниси Мурат Ражапов кармалган. Наргиза Ражапова милиционерлер күйөөсүнөн керектүү көрсөтмө алыш үчүн өзүн кыйноого алышканын белгилеп, прокуратурага кайрылган. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *