УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге айыбын угузду
- 2018-жылдын 30-мартында УКМК Дүйшөнбек Зилалиевге карата козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча айыбын угузду. Шектүү жана анын адвокаттары таанышып бүткөн соң кылмыш ишинин материалдары андан ары сотко жөнөтүш үчүн Башкы прокуратурага жиберилет. УКМКнын тергөө органдары Зилалиевге карата эч жакка кетпөө тууралуу тил кат берүү түрүндө бөгөт чарасын тандап алган.
Зилалиевге президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси менен ("Террорчулук жөнүндө атайлап жалган маалымат таратуу") кылмыш иши козголгон.
Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө "бомба коюлду" деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ага бул тууралуу 1532 ВК мамлекеттик номерлүү "Лексус" машинесинен белгисиз бирөө билдиргенин жазган. Кийинчерээк "машиненин номуру Зилалиевге таандык" деген маалыматтар чыккан. (NT)