Кремлдин кеңешчиси: Трамп Путинди Ак үйгө чакырган
Трамптын администрациясынын басма сөз катчысы Сара Сандерс эки лидердин 20-марттагы телефондук сүйлөшүүсүндө ыктымал жолугушууну өткөрүү үчүн бир нече имарат, анын ичинде Ак үй тууралуу да сөз болгонун айтты.
Дональд Трамптын Путинге телефон чалганы карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан. Себеби анын алдында Трамптын кеңешчилери орус шайлоосундагы мыйзам бузууларды жүйө кармап, Путинди куттуктабоого үндөгөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Өткөн аптада Кремлдин маалымат кызматы орус президенти Владимир Путин АКШдан 60 орус дипломатынын чыгарылышына карабай, Дональд Трамп менен жолугууга даяр экенин, бирок “бардыгы америкалык кесиптештерге көз каранды” экенин маалымдаган.