Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Фарид Ниязов: Атамбаевдин айткандары туура эмес чечмеленди

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Фарид Ниязов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-марттагы айткандарына жана президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө комментарий берди. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы билдирди. Анда Фарид Ниязов Атамбаевдин КСДПнын курултайынан кийинки басма сөз жыйынында президент менен пикир келишпестик тууралуу суроого берген жообун "кошоматчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууну эңсегендерге алдырбоо тууралуу досуна жана мамлекет башчысына кеңеш” деп сыпаттады. 


Билдирүүдө президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева "Атамбаевдин айткандары туура эмес чечмелегени" белгиленген. Фарид Ниязов Атамбаев Бишкек Жылуулук электр борбору тууралуу суроолорго жооп берген учурда "кызыкчылыгы бар адамдар чындыкты бурмалап, премьер-министр Сапар Исаковго ЖЭБ боюнча атайын сын айтылып жатканын айтканын" билдирген.


"Биринчиден, азыркы премьерге жапырт чабуул коюу айтылуу "Райым миллиондун" бажыдан кетишине нааразы болгондор тарабынан уюштурулган деген божомол айтылган. Экинчиден, экс-президент 2016-2017-жылдардагы жана 2017-2018-жылдардагы кышкы мезгилге ЖЭБдин жабдуусун ремонттоо үчүн келишим Жээнбеков өкмөттү жетектегенде эле түзүлгөнүн эске салды. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Кытайдын насыясынын алкагында ЖЭБди реконструкциялоо менен ишкананы жыл сайын оңдоону алмаштырбашы керек. Бул жерде жыл сайын 280 миллион сомго чейин бөлүнгөн ремонт тууралуу сөз болуп жатат. 2018-жылдын январында жарактан чыккан насостун ремонту өз убагында жүргүзүлүшү керек болчу. ЖЭБди ремонттоо жана даярдоо тууралуу бардык тендерлер жылдын биринчи жарымында өткөрүлөт. Сапар Исаков өкмөткө 28-августта, негизги иштер бүткөндө келген. Ошондой эле Алмазбек Шаршенович ЖЭБди модернизациялоо долбоору боюнча маселеге акыркы чекитти адистер менен укук коргоо органдары коюшу керек деп эсептейт. Алардын ишинин жыйынтыгын күтүү зарыл. Чындык дайым калкып чыгат", - деп жазылган КСДПнын Фарид Ниязовго шилтеме берип тараткан маалыматында. 


Андан мурда президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Атамбаевдин 31-мартта маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө расмий жооп кайтарылбай турганын маалымдаган.


"Президент Сооронбай Жээнбеков үчүн Атамбаевдин билдирүүсү күтүүсүз болгон жок, анткени бул сөздөрдү алар курултайдан эки күн мурда сүйлөшүп, бирок ар бири өз позициясында калышкан. Жыйынтыгында экс-президент Атамбаев президент Жээнбековго карата өзүнүн таарынычын ачык жарыялады" деп айткан Толгонай Стамалиева.


 "Белгилеп коюучу нерсе - Бишкек ЖЭБин модернизациялоого азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун эч кандай тиешеси жок. Модернизациялоо боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлган, ал убакта Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болгон. Ал эми модернизацияланган Бишкек ЖЭБи 2017-жылы 30-августта ишке берилген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого катышуу үчүн өкмөт башчылык ишин 21-августта өткөрүп берген. 2017-2018-жылдын кыш мезгилине даярдык маселесинде Сооронбай Жээнбековдун катышы жок" деп кабарлаган президенттин басма сөз катчысы. 


Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 31-августта өзү төрага болуп шайланган КСДПнын он жетинчи курултайынан кийин Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп жатып, президент Сооронбай Жээнбековго Коопсуздук кеңеши "адаштырган маалыматтарды берип жатканын", Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырууга тийиш экенин жарыялаган. Атамбаев Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка да Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаңылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн белгилеген. (NT)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *