Коёналиев: Отунбаева 50 жыл мурда салынган дачада турат
- Роза Исаковнанын дачасы бир кабаттуу, беш бөлмөдөн турат, аянты 173,0 м2. Бул үч имараттын салынганына быйыл туура 50 жыл болот. Дачанын абалы орточо, эмки 2019-жылга капиталдык оӊдоодон өткөрсөк деген оюбуз бар.
Коёналиевдин айтымында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында убактылуу жашоого укугу бар жетекчилердин тизмеси президенттин чечими менен бекитилет. Бүгүнкү күндө бардык 16 дачанын ээлери бар. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаевге жаңы үй куруу боюнча чечим бош дачанын жоктугунан эмес, алар санитардык-техникалык нормага жооп бербегендигинен улам кабыл алынган.
Ушул убакта мамлекеттик резиденцияда президент, спикер, премьер-министр, эки экс-президент жана Жогорку соттун төрайымы жашап жашайт. Дачалар 60-70-жылдары салынып, эскирип, талапка жооп бербей калгандыктан калган дачалардын ээлери өз үйлөрүндө жашап жатышат.
Экс-президент резиденцияга жаңы үй салдырганын алгач интернет-сайттардын бири жазып чыккан. Кийин президенттин иш башкармалыгы муну тастыктап, курулушка 89,3 млн. сом кеткенин, анын 77,8 млн. сомун Атамбаев өз эсебинен чыгарганын билдирген. Үйдүн аянты 301,8 чарчы метр.
Мамлекеттик резиденцияга демөөрчүлөрдүн эсебинен үй салуунун мыйзамдуулугун кароо маселесин бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Канымбек Иманалиев көтөрүп чыкты. (КЕ)