Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутаттар абакта жаткан Ормуковдон кабар алып чыгышты

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Каныбек Иманалиев менен Эмил Токтошев №1 тергөө абагында камалып жаткан көзү азиз активист Темирлан Ормуковдон кабар алып, акыбалын көрүп чыгышты. Бул тууралуу депутаттардын бири Эмил Токтошев “Азаттыкка” билдирди.


Эл өкүлүнүн айтымында, Ормуков абактын оорукчандар үчүн камерасында кармалып жатат. Активисттин ден соолугу жакшы, түрмөнүн шартына, тамак-ашына жана абак жайдын кызматкерлерине даттанган эмес.


Токтошев белгилегендей, азиз активист болгону депутаттардан адвокат алууга мүмкүнчүлүгү жоктугун, күчтүү адвокат жалдоого көмөктөшүүсүн өтүнгөн.


Активист Темирлан Ормуков 29-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, камакка алынганы жатканда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген. Кийин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүнө жеткирилип, дарыланып жаткан. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 5-апрелде аны ооруканада жаткан жеринен колуна кишен салып алып кетип, №1 тергөө абагына жеткирилген.


Темирлан Ормуков президентти сындаган ырынан “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери табылганы үчүн жана “жалаа жабуу” боюнча айыпталган. Бул боюнча арызды Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазган. Октябрь райондук соту Ормуковду "соттук отурумдарга келбей жатат" деген жүйө менен аны бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.


Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап келет. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мындай дооматты четке каккан. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *