Добавить новость
World News in Kyrgyz
Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Аскарбек Шадиев кызматынан кетүү арызын жазды

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан “Азаттыкка” билдиришти.


Шадиев "Жогорку Кеңеште жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөнүн" билдирген. Ал өзүнүн кадамын өкмөттүн ишине көлөкө түшүрбөө максаты менен түшүндүргөн.


Мындан мурдараак Аскарбек Шадиев парламентте 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча атайын кызматка сурак берип чыккан.


Быйыл февралда КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы ачыкка чыккан. Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол кездеги төрагасы, азыркы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.


Буга байланыштуу Башкы прокуратура Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, аны убактылуу камакка алган.


Кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул факты боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна кылмыш ишин козгогон.


Аскарбек Шадиев жаңы Баш мыйзамга ылайык депутат статусун сактап калган биринчи өкмөт мүчөсү. Ал биринчи вице-премьер-министрлик кызматын тапшырганы менен, депутат мандаты сакталып калат. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media






Топ новостей на этот час

Rss.plus





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *