Орусия менен Кытай Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди өзгөртүүгө багытталган АКШнын аракеттерин сындашты. Американын өзүндө бул келишимге байланышкан кезектеги мөөнөт жакындап келатат. Анын сакталышын колдоп келе жаткан Германия менен Франциянын лидерлери ушул айда Вашингтонго бармакчы. Президент Дональд Трамптын Иран келишими боюнча соңку чечими кийинки айда белгилүү болот.